Президент Садыр Жапаров 2022-жылы Балыкчы шаарындагы биздин модулдук үйлөрдү чыгаруучу заманбап ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып кеткенин сыймыктануу менен айта алабыз. Ишкананын өкүлдөрү курулушунда күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулган модулдук үйлөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, ишкананын кубаттуулугу өндүрүлгөн тетиктерди экспорттоого да мүмкүндүк берээрин билдиришкен. Мамлекет башчы мындай практикалык жана арзан турак жайларды өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде жетүүгө кыйын аймактарда каалаган мезгилде тезирээк курууга болорун белгилеген. Мындай модулдук үйлөрдү ротация менен которулган акимдер, судьялар жана башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн куруу да пландаштырылууда.